Ош облусунда Рамазан айына карата даярдыктар башталды

Кечээ, 26-февраль күнү Ош облусунун мусулмандарынын казыятында райондордун баш имам-хатибдерине жыйын өткөрүлүп, бир Рамазан айына карата даярдыктарды көрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

— Катмы Куран окулуучу мечиттер карыларды тактоо;

— Рамазан айында кайрымдуулук иштерди уюштуруу;

— Мечиттердин тазалыгы жана башка тиешелүү шарттарды түзүү.

Ошондой эле, жаңы курулуп жаткан мечиттер боюнча сөз болуп, мечиттин курулушу менен параллелдүү түрдө иш кагаздарын да бүткөрүү айтылды.