Түрк тилдүү мамлекеттердин фатва кеңешинин онлайн жыйыны өтүп, орозо жана айт маселеси талкууланды

Бүгүн, 27-февраль күнү түрк тилдүү мамлекеттердин диний башкармалыктарынын фатва кеңешинин онлайн жыйыны өтүп, орозо айынын башталышы жана айт намазы боюнча талкуу уюштурулду.

Өзбекстан муфтияты тарабынан демилгеленген онлайн жыйынга Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Азербайжан жана Түркмөнстандын диний башкармалыктарынан өкүлдөр катылышып, шариятта Ай көрүү маселеси, айт намазынын саатын тактоо, ооз ачар жана ооз бекитер убакыттары, диний майрамдар жана түрк дүйнөсүндө бирдиктүү диний даталарга келишүү тууралуу сөз болду.  

Белгилей кетсек, түрк тилдүү мамлекеттеринин диний башкармалыктарынын Ташкентте өткөн IV съездинде фатва маселелерин кароо боюнча фатва кеңеши түзүлгөн. ТМУга мүчө өлкөлөрдүн жумушчу тобунун макулдашуусу менен түзүлгөн бул кеңешке Кыргызстан тараптан Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев жана КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров мүчөлүккө кабыл алынган.