Эрик Молдокулов мектеп окуучуларына адеп-ахлак, таалим-тарбия жана илим-билим боюнча насаат айтты

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун аймагында жайгашкан Жаналы уулу Абдыракман жана Карыбек уулу Акматалы атындагы орто мектептеринин жогорку класс окуучуларына кылмыштуулукту, суицидди болтурбоо, эстремизимди, зордук-зомбулукту жана эрте никеге туруунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул иш-чарага Ат-Башы районунун акиминин орун басары Жылдыз Женталиева, Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов, Ат-Башы району боюнча балдар менен иштөө бөлүмүнүн кызматкери Самат Жапарбеков, Ат-Башы районунун баш имам-хатибинин орун басары Мирбек Кулматов, мектеп мугалимдери жана ата-энелер катышты.

Алгач маданият кызматкерлери тарабынан күндүн темасына ылайыкталып даярдалган тарбиялык маанидеги сахналык көрүнүш коюлду. Андан соң өткөн айларда Ат-Башы районунда катталган балдар арасындагы рэкетчиликтин айынан уурулукка, суицидге барган балдардын өкүнүчтүү окуялары айтылып, ата-энелерге кайрылуулар жасалды.

“Таалим – бул айтуу болсо, тарбия – жашап көргөзүү. Себеби ондун бири сөз менен айтуу болсо, тогузу үлгү болуу эмеспи. Андыктан өзүбүз бал жеп туруп, балага кантип бал жебе деп айта алабыз. Эгер сөзүбүз өтүмдүү болсун десек, алгач өзүбүз сөзгө туруктуу болушубуз керек. Бала уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат. Андыктан биз балдарга кыйшык күзгү эмес, келечегине жол көргөзгөн үлгү күзгү болуп берели”, — деди облус казысы Эрик Молдокулов.