«Ыйман нуру» фракциясынын депутаттары Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгын зыярат кылышты

Бүгүн, 27-февраль күнү Жогорку Кеңешинин «Ыйман нуру» парламенттик фракциясынын депутаттары Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгын зыярат кылып, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Азирети Муфтий эл өкүлдөрүнө муфтиятты тааныштырып, мекеменин айрым пландары менен бөлүштү.

Ал эми фракция депутаттары «жашыл экономика» долбоору боюнча маалымат беришип, жашыл өлкөнү биргеликте куруу зарылдыгына токтолушуп, бул жаатта биргелешип иш алып барууну сунушташты. Өз кезегинде Азирети Муфтий бул долбоорго өтө жакшы көз карашта экенин билдирип, КМДБ жашылдандыруу боюнча ар кандай демилгелерди колдой турганын айттты.