Алайда «Мыкты үй-бүлө — 2024» аттуу жарыш өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Алай районунун Жошолу аймагындагы Шамши Сатиев атындагы орто мектебинин окуучулары жана ата-энелери үчүн «Мыкты үй-бүлө — 2024» аталышындагы конкурс өткөрүлүп, ага райондун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков катышты.

Жеңүүчүлөргө хатибият тарабынан 20 миң сомдук белек тапшырган баш имам-хатиб катышуучуларга өз насааттарын айтып өттү.

«Бул иш-чара — айрым үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу, балдарыбызга туура таалим-тарбия берүү максатында уюштурулуп жатат. Биз балдарыбыздын келечекте билимдүү, өзүбүздүн каада-салт, нарк-насилибизди бекем сактаган, салттуу ислам баалуулуктарын тереңден түшүнгөн инсандардан болушуна шарт түзүп берүүбүз  зарыл. Бул конкурска катышкан ар бир үй-бүлөгө терең ыраазычылык билдиребиз. Сыйлыгыңыздар куттуу болсун», — деди Эмирлан ажы Бообеков.