Төмөнкү Ала-Арча айылында жаңы мечит пайдаланууга берилди

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча айылында жаңы, заманбап «Айша» атындагы мечит курулуп, пайдаланууга берилди. Мечит жергиликтүү жамааттын каражаты менен салынып, тиешелүү бардык иш кагаздары бүткөрүлүп, эсептик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган күбөлүккө ээ болду.

Мечиттин ачылыш аземине Аламүдүн районунун баш имам-хатиби Абдурахман ажы Анаркулов жана жергиликтүү жамаат катышты.

«Салмандан (р.а) риваят: » Пайгамбар (с.а.в.) айтты: «Ким дааратын үйүнөн жакшы алып, андан кийин мечитке келсе, ал Аллахтын коногу болот. Конок күткөн конокко сый көрсөтөт».  Конокко барганда кандай таза кийинип, жакшы ниет менен баргандай мечитке да ошондой баралы. Мечит бул жамааты менен кооз болот. Ар бирибиз мечиттин тазалыгына көңүл буруп, мечитке келген жамаатка шарттарын жакшыртып туралы», — деп белгиледи баш имам-хатиб.