Өзгөндө «Коопсуз өлкө — туруктуу келечек» аттуу иш-чара өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында «Коопсуз өлкө — туруктуу келечек аталышындагы иш-чара өткөрүлүп, анда райондун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров өз баяндамасын жасады.

«Кайсыл өлкөдө үй-бүлө бекем, жаштардын тарбиясы мыкты болуп, үлгүлүү инсандарды кадырлап сыйлашса, ошол өлкөнүн келечеги кең болот. Ал эми ушул үч нерсе тескерисинче болуп, үй-бүлөдөгү ынтымактын жоктугу, жаштардын бузулуусу жана үлгүлүү адамдардын баркталбай калуусу өлкөнүн келечегине балта чабылат. Ошол себептен, үй-бүлө баалуулуктарын сактоо, жаштардын тарбиясына көңүл буруу келечекке көңүл буруу болуп саналат», — деди Акжол ажы Бакиров.

Иш-чарага Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов, Өзгөн районунун прокурору Замирбек Жумабаев, Өзгөн РИИБ жетекчиси Айылчы Мырзамамытов, укук коргоо кызматкерлери, райондогу жалпы айыл өкмөт башчылары, мектеп директорлору, мекеме-ишкана жетекчилери жана Өзгөндөгү жалпы дин кызматкерлери катышты.