Исак ажы Юнусов Алишер Навои атындагы мектеп-гимназиясынын окуучуларына лекция окуду

Кечээ, 28-февраль күнү Ош шаарындагы №18 Алишер Навои атындагы мектеп-гимназиясында зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чара уюштурулуп, ага Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын 2-орун басары Исак ажы Юнусов катышты. 

Исак ажы Юнусов окуучуларга азыркы учурда окуучулардын билим деңгээли бир топ төмөндөп кеткенин жана ата-энелердин балдарына кайдыгер болуп жатканын айтып, мугалимдер окуучулардын алгач тартибине, жүрүм-турумуна көңүл бурса, коомдогу болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн жоюлушуна себепкер болорун айтты.

Ошондой эле бүгүнкү күндө окуучулардын ар биринде уюлдук телефондор бар экенин, ошол себептен окуучулардын билим деңгээли төмөн болуп жатканын айтты. Мындан сырткары айрым учурларда чоң класстардын кенже класс окуучуларына рэкетчилик кылып, билим жана тарбия процессине шек кетип жатканын кошумчалап, зордук-зомбулуктун ушул түрүн жалпы тараптар биргеликте токтотушу керектигин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, №18 Алишер Навои атындагы мектеп-гимназиясы Ош шаарындагы алдыңкы мектептердин катарын толуктап, билим уясында ар түрдүү этностогу балдар билим алышат. Ошондой эле тажрыйбалуу мугалимдер сабак берери айтылат.