Абдирашит ажы Батыров Т.Эшбаев атындагы маданият үйүнүн ачылышына катышты

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда Токон Эшбаев атындагы маданият үйүнүн ачылыш аземи болуп, ага райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров катышты.

Ачылыш аземдин башталуу алдында маданият үйүнүн маңдайына тургузулган Токон Эшбаевдин эстелигине гүл коюлуп, маркумга багышталып Куран окулуп, дуба кылынды.

Келген коноктор маданият үйүнүн капиталдык ремонту менен таанышып чыгып, залда коюлган кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү, маданият тармагында өткөрүлгөн иш-чараларды чагылдырган сүрөттөр жана видеороликтер менен таанышып чыгышты.

Айта кетсек, иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Темирболот Абыкеевге Ыраазычылык кат тапшырып, маданият үйүнө 1 000 000 (бир млн) сомдук музыкалык аппаратуранын сертификатын ыйгарды.