Баткенде имамдарга “Коопсуз миграция жана адам сатуунун алдын алуу” аталышындагы семинар болуп өттү

Баткен шаарындагы “Айгүл Тоо” мейманканасынын жыйындар залында имамдар үчүн “Коопсуз миграция жана адам сатуунун алдын алуу” аталышындагы семинар болуп өттү.  

Иш-чарага Баткен  облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров, КР ДИМКнын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов жана облус аймагынан келген имамдар катышты.

Семинарда Эл аралык коргоого көмөктөшүү борборунун директору Акылбек Ташбулатов имамдарга адам сатуу көйгөйү боюнча маалымат берип, учурдагы адамдарды сатуу боюнча түзүлгөн кырдаал, кооптуу миграциянын адамдарды сатуу коркунучунун фактору катары түшүнүү зарыл экендигин, адам сатуунун жана эксплуатациянын заманбап түрлөрү жөнүндө кеңири маалымат берди.

Ал эми Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров “Адам сатуу тууралуу ислам дини эмне дейт?” деген теманын алкагында баяндама жасап, мусаапыр болуп Мекенден алыста жүргөн миңдеген мигранттардын кейиштүү тагдырларын мисал келтирди. Ал имамдарга семинардан алган маалыматтарды жер-жерлерде жамааттарга жеткирүү зарыл экенин баса белгиледи.

Иш-чара суроо-жооп форматында уланып, имамдардын адистерден жооп алууларына мүмкүнчүлүк түзүлдү.