Абдил-Азиз ажы Чыныбеков: «Рамазанда аткарылган ибадаттардын сообу 70 эсеге көбөйтүлөт»

Чүй облусунун мусулмандарынын казыятында казы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков баш имам-хатибдерге жыйын өткөрүп, бир канча тапшырмаларды берди. Алсак;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин тийиштүү жарлыктарын ишке ашыруу;

— Рамазан айына даярдыктарды көрүү;

— Мечиттердин тазалыгын карап, таравих намаздарында Куран хатмдарын уюштуруу;

— Кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүү;

— Азирети Муфтийдин тапшырмасына ылайык, диний объектилерди 31-мартка чейин каттап бүткөрүү.

«Берекелүү Рамазан айы да босого турат. Аллах Таала бул айда баарыбызга ийгилик берип, өлкөбүздө тынчтык болсун. Бул айдагы аткарылган амалдардын сообу 70 эсеге көбөйтүлөт деп айтылат. Мына ошондуктан бул айда кайрымдуулук иш-чараларын көбүрөөк өткөрүүгө аракет кылалы. Ошондой эле жогоруда айтылган маселелерди убагында аткарыңыздар», — деп белгиледи облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков.