«Аз-Захра» медресесинде волейбол боюнча мелдеш өттү

Жалал-Абад шаарындагы «Аз-Захра» балдар медресесинде студенттер арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өттү. Мелдешке бардыгы болуп 6 команда катышты. Алардын 5 и студенттерден, 1 команда устаздардан куралган.   

Медресе мүдүрү Нурдинбек Рустамбек уулу мелдешке жогорку деңгээлде катышууну айтып, студенттерге дем берди:

«Спортто жеңишке жетүү үчүн талыкпай күч-аракетибизди жумшагандай, билим алууда да талыкпай аракеттенип сабырдуу болсок, илимге жетебиз. Элибизде «дени тазанын деми таза» деген кеп бекерге айтылбаган. Иш-чаранын негизги максаты инсандын сергек жашоо образын түзүү. Ошондуктан дайыма билим менен спортту айкалыштыра жүрөлү, баарыңыздарга ийгилик», — деди.

Эске салсак, «Аз-Захра» балдар медресесинде жалпы 62 студент билим алат. Аларга 8 устаз таалим-тарбия жана билим беришет.