Абдималик ажы Турсунбеков Ноокатка иш сапары менен барып, диний объектилерди каттоо боюнча жыйын өткөрдү

Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков Ноокат райондук хатибиятында райондогу жаңы курулуп жаткан мечиттердин жооптуу өкүлдөрү менен жолугушту.

«Мечит курууда архитектура, өрт коопсуздук кызматы жана башка тиешелүү адистердин макулдугу менен баштоо керек. Ошондой эле мечит салынуучу жердин тиешелүү уруксат кагаздарына да көңүл буруңуздар. Үлүш жер болуп же башка тоскоолдуктар болуп калбасын. Мечиттин курулушу бүткөрүлүп, эсептик каттоодон өткөнгө чейин ачылышын өткөрүүгө болбойт.Адам баласы төрөлгөндө ага күбөлүк берилгендей эле, мечиттин ачылышында каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк берилиши керек», — деди Абдималик ажы Турсунбеков.

Ошондой эле казы орун басары жооптуу тараптарга Азирети Муфтийдин 31-мартка чейин мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүү боюнча тиешелүү буйругун тааныштырды. Ага кошумчалай, Ош облусунун мусулмандарынын казысынын «Мечиттерди сапаттуу жана талаптагыдай курууну колго алуу» максатында чыгарылган буйругунун негизинде мечит курууну баштоо үчүн талап кылынган документтерди толуктоо боюнча белгилеп өттү.