Ысык-Көл облусунун казысы ИИМдин медалы менен сыйланды

Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарындагы Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында Ички иштер министрлигинин демилгеси менен “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” деген ураан алдында облустук деӊгээлде форум болуп өттү.

Форумга Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев, Ысык-Көл ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Орунбай Кочкоров, Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары, мекеме-ишканалардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышты.

Саамалыкта баңги заттарды колдонуунун зыяндуулугу, мыйзамсыз миграция ж.б. бир топ маселелерди камтыган видео көрсөтүлүп, Ыбырай Туманов атындагы музыкалык окуу жайынын студенттери тарабынан коюлган үй-бүлөлүк зордук-зомбулук көйгөйүн чагылдырган сахналыштырылган спектакль менен коштолду.

Форумдун соңунда ИИМ кызматкерлери менен тыгыз иш алып барган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана милиция кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды. Анын алкагында облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков ИИМдин «Колдоо көрсөткөндүгү үчүн» медалы менен сыйланды.