Азирети Муфтий Баткен казыятынын жамаатына онлайн жыйын өткөрүп, бир катар тапшырмаларды берди

Бүгүн, 29-февраль күнү КМДБнын жыйындар залында Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Баткен облусунун казыятына жана облус аймагында иш алып барган баш имам-хатибдерге онлайн жыйын өткөрдү.

Жыйындын максаты казыяттын структурасы жана баш имам-хатибдер менен таанышуу, облустагы диний кырдаал, диний мекемедеги көйгөйлөр, аманат иш алып баруу, жумуш убактысына так болуу, диний объектилердин эсептик каттоо абалы, бул жааттагы натыйжалар жана жетишпестиктер, Баткен аймагындагы диний билим берүүчү окуу жайлардын жалпы абалы боюнча маалымат алуу болду.

Ошондой эле алдыда келе жаткан куттуу Рамазан айына карата даярдыктар, орозо айына карата мечиттерди даярдоо, ооз ачар жана таравих намаздары үчүн шарттарды түзүү, таравих намаздарында жамаатка күч келбей тургандай Куран хатмадарын уюштуруу тууралуу тапшырмалар берилди.

Айта кетсек, Азирети Муфтийдин таанышуу максатындагы онлайн жыйындары башка казыяттар менен да өткөрүлөт.