«Мусулман айым» кароо-сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды

Бүгүн, 29-февраль күнү Бишкек шаарындагы «Ыйман» мечитинде «Ак багыт» коомдук фондунун КМДБнын Даават, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмү менен биргеликте уюштурган “Мусулман айым” кароо-сынагынын сыйлоо аземи болуп өттү.

Иш-чарага дин аалымы, Азирети Муфтийдин 1-орун басары Самидин кары Атабаев катышып, исламда аялзатынын орду, илим алуунун пазилети, акыйда жана шарият илиминин мааниси жөнүндө баяндама жасады. Аземдин жүрүшүндө интернет мейккиндигинде өткөрүлгөн “Мусулман айым” кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар тапшырылды.

«Ак Багыт» коомдук фондунун төрайымы Гүлнур Асанованын айтымында, “Мусулман айым” кароо-сынагы төмөнкү 2 багыт боюнча жүргүзүлгөн.

1) Мусулман айымдын кийими (тасаттур) айымдар жашоосунда;
2) Динибиздеги мусулман айымдын үй-бүлөдөгү милдеттери.

Бул конкурска катышуучулар 1-2 мүнөттүк видеосун интернет желесине илип, 2 жума бою дин исламды даңкташкан.