Дастан ажы Мамаев: «Бүгүн кайдыгер болсоңуз, эртең өкүнүп калышыңыз мүмкүн»

Кечээ, 29-февраль күнү Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда «Коопсуз өлкө — туруктуу келечек» аталышында иш-чара өткөрүлүп, анда «Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу» жана «Жаштардын тарбиясы» сыяктуу темаларда баяндамалар жасалды.

Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев аталган жыйынга катышып, төмөнкүлөргө токтолду:

«Жаштардын таалим-тарбиясына көңүл буруу менен эртеңки коомго мыкты инсандарды даярдап берген болобуз. Бүгүнкү күнгө кайдыгер болсоңуз, эртеңки күнү өкүнүп калууңуз мүмкүн. Ошол себептүү ар бирибиз жаштардын тарбиясын жакшыртууга өз салымыбызды кошолу. Бул үчүн үй-бүлөдө тынчтык болуп, үй-бүлө баалуулуктары бекем сакталуусу зарыл», — деп баса белгилеп өттү.

Айта кетсек, аталган иш-чара Кара-Кулжа РИИБ тарабынан уюштурулду. Иш-чарага райондун акиминин орун басарлары Талант Тойчиевич, Муса Саипович, айыл өкмөт башчылары, мектеп директору жана райондогу жалпы дин кызматкерлери катышты.