«Имам Азам» медресесинде тигүүчүлүк курсун аяктагандарга сертификат тапшырылды

Баткен облусунун Кадамжай районундагы «Имам Азам» атындагы медресесинде тигүүчүлүк боюнча 2 айлык курсун ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Тигүүчүлүк боюнча курс «Имам Азам» медресеси тарабынан уюштурулуп, 20 кыз катышты. Аларга эки ай аралыгында тренер Зарина Калыкова кийим бычуу жана тигүү эрежелерин үйрөттү.

“Курстун максаты медресе студенттерин ар тараптуу өнүктүрүү жана кошумча кесипке үйрөтүү. Үйрөнгөн кошумча кесиптери алардын келечегине, жашоо-турмушуна чоң пайда болот деген үмүттөбүз”, — деди окуу жай мүдүрү Исмаил Сайназаров