Чоң-Алайда «Үй-бүлөдө зордук-зомбулукка жол жок» аталышында семинар өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунда 2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу жөнүндө уюштурулган «Үй-бүлөдө зордук-зомбулукка жол жок» аталышындагы семинар өткөрүлүп, ага райондун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов катышты.

Алимбек ажы Маматаминов сөзгө чыгып: «Ислам дини инсандарга жакшы мамиле кылууга, тынч жашоого, башкаларга зыян жеткирбөөгө, улууларды урматтоого жана жакшылык иштерди жасоого чакырат. Ошондой эле Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Инсандардын эң жакшысы башкаларга пайдасы тийген» деп айткан. Ошол себептен башкаларга жакшылык кылууга аракеттенели. Колубуздан жардам берүү келбесе, анда аларга тоскоолдук кылып, зыян бербейли. Дагы бир хадисте: «Мусулман адам башкаларга тили жана колу менен зыян бербейт» деп айтылат. Зордук-зомбулукка каршы күрөшүү үчүн алгач адамдар менен болгон мамилени жакшыртуудан баштайлы», — деп белгилеп өттү.