Кара-Сууда кызамыктын алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында эмдөөнүн зарылдыгы жана кызамыктын алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү.

Ага Кара-Суу райондук хатибият кызматкери Үсөн Маматтурсун уулу катышып, динибизде адам баласынын ден соолугу Аллах тарабынан аманат экендигин баса белгилөө менен бирге, райондогу жума окулуучу мечиттерде эмдөөнүн маанилүүлүгү жана керектиги боюнча билдирүүлөр, баяндар болуп жаткандыгын айтып өттү.

Андан соң Кара-Суу районунун акиминин орун басары Айжан Мамаевна сөзгө чыгып, хатибият кызматкерлери бул жаатта тыгыз иш алып барып жаткандыгын баса белгилеп, мындан ары да ар тараптуу кызматташууга чакырды.

Аталган жыйынга КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, Ош облусунун  Саламаттык сактоо тармагы боюнча координатору Шаятбек Абдурахманов, Кара-Суу районунун акиминини орун басары Айжан Куланова жана башка мамлекеттик кызматкерлер катышты.