Ысык-Көл районунда имамдардын кезектеги жыйыны болду

Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаарынын ПМК кичи районунда жайгашкан «Билал» мечитинде район аймагында иш алып барган имамдардын кезектеги айлык чогулушу болуп өттү.

Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат Сейталиевдин билдирүүсүндө жыйында бир катар маселелер айтылды. Алсак; мечиттердин каттоолору, мечиттин ичин, айланасын таза кармоо, КМДБ, облустук казыяттан келген буйруктарды так жана ыкчам аткаруу, орозо айына болгон даярдыктар ж.б.  

«Алдыда келе жаткан Рамазан айына даярдык көрүп, мечиттерди таза кармап, таравих намазында Куранды толук (хатм) кылууга аракет көрө бергиле. Орозо айы жакындаганда хафиздердин убакыттары болбой калат, ошол себептен азыртадан карыларды тактап коюу зарыл», — деди райондун баш имам-хатиби. 

Сейталиев айылдардагы ар кандай жыйналыштарда орозо тууралуу маселелер боюнча жеткиликтүү маалымат берүү тапшырмасы берилгендигин кошумчалады.