Баткенде ажы башчылар зыяратчыларга сабактарды өтүүдө

Баткен облусунун аймагына жоопту болгон ажы башчылар ажылык сапарга баруучулар менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда алгач ажы башчылар зыяратчылар менен жакындан таанышып, болочок ажыларды тайпаларга бөлүштү. Ошондой эле ажылык кылуунун тартиптери, жол-жоболорун кеңири түшүндүрүштү.

Белгилей кетсек, Баткен облусуна 16 ажы башчы жооптуу болуп бектилген. Учурда зыяратчылардын тиешелүү документтери толукталып жатат.