Алайда «Коопсуз өлкө — туруктуу келечек» аттуу семинар өткөрүлдү

Бүгүн, 29-февраль күнү Алай райондук маданият үйүндө Ош облусунун Алай районунун аймагында КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы «2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын бекитүү жөнүндөгү» №748 сандуу тескемесинин алкагында «Коопсуз өлкө — туруктуу келечек» аталышындагы семинар болуп өттү.

Ага райондун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков катышып, коомчулуктагы зордук-зомбулуктардын негизги факторлоруна токтолду жана өзүн-өзү өлтүрүү, аракечтик, үй-бүлө арасындагы уруш-талаштарды алдын алууда имамдардын орду чоң экендигин баса белгилеп өттү.

«Келечек муун болгон жаштарабызга туура таалим-тарбия берүүнү кааласак, анда биз эң оболу өзүбүздү оңдообуз керек болот. Анткени «Балапан уяда эмнени көрсө учканда ошону алат» деп айтылат. Сөз менен эмес, жүрүм-турумубуз менен балдарыбызды жакшы тарбиялап алалы» — деди Эмирлан ажы Бообеков.

Айта кетсек, аталган семинарга район башчысы Чыңгыз Бапаев, Алай районунун прокурору Улукбек Насирдинов, РИИБдин башчысы Бакытбек Пазылов, мекеме-ишкана жетекчилери, мектеп директорлору жана райондогу жалпы дин кызматкерлери катышты.