Жолдошбек ажы Абдылдаев: «Ажылардын формалары 90% даяр»

Бүгүн, 1-март күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын ажылык-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев баштаган УРШ өкүлдөрү 2024-жылдагы ажылардын формасын тигип жаткан ЖЧК «Тайган Коллекшн» фирмасын зыярат кылышты.

Зыяраттын алкагында конкурстагы талаптардын негизинде кийимдердин сапаты, бычымы, тигилиши текшерилип, муфтият кызматкерлеринин жогорку баасына татыды.

Белгилей кетсек, буга чейин Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев баштаган УРШ өкүлдөрү болочок ажылардын формасын тигүүчү цехти зыярат кылышкан.