Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Ысык-Көлдө Матуриди акыйдасы боюнча сабак өтүштү

Кечээ, 1-март күнү Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Кенжетай ажы Курманкожоев, Эмилбек ажы Андартегин жана Жеңишбек ажы Курбановдор Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыковдун демилгеси, уюштуруусу менен облус тургундарына ханафий мазхабы жана матуриди акыйдасы боюнча сабак өтүштү. 

Жума намазына чейин КРнын Президентинин Ысык-Көл облустук өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында Эмилбек ажы Андартегин лекция окуса, Түп райондук администрациясында Кенжетай Курманкожоев, Жети-Өгүз районунун элине Кызыл-Суу айылындагы Б.Ибраев атындагы маданият үйүндө Жеңишбек Курбанов баяндама жасашты.

Жыйынга жергиликтүү эл, бийлик өкүлдөрү, мугалимдер, дин кызматкерлери жана студенттер катышты. Баяндамалар сүннөт кармануу, Мекенди сүйүү, тилди баалоо, динди туура булактардан алуу жана кийим кийүү адеби сыяктуу жашоодогу актуалдуу темалар жөнүндө болду. Лекциялар суроо-жооп менен коштолуп, катышуучулар көптөгөн пайдалуу маалымат алышып, дагы да ушундай иш-чаралар көп болуп туруусун суранышты. 

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө аалымдар Каракол шаарындагы «Яхья Умар Ал-Филалий» борбордук мечитинде, Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылында жана Ак-Суу районунун Бозучук айылында жума баяндарын жасашты. Жума баянында ханафи мазхабы, матуриди акыйдасы, эл арасындагы ынтымак, биримдик, илимге кызыгуу жөнүндө баяндар болуп, салттуу ислам түшүнүгү тууралуу кеңири маалыматтар берилди.