Алимбек ажы Маматаминов: «Жаштардын руханий жан дүйнөсүнүн өнүгүшү ата-энелерден көз каранды»

Кечээ, 1-март күнү Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов Кашка-Суу айылында жайгашкан Эсенгелди уулу Максатбек атындагы орто мектебинде өткөрүлгөн «Мугалимдерди сыйлоо – бул коомго кошкон салым» аталышындагы иш-чарага катышып, өз баяндамасын жасады.

«Жаштар – бул биздин келечек. Алардын руханий жан дүйнөсүн өнүктүрүү – бул албетте энелерге, андан соң мугалимдерге көз каранды. Куш эки канаты менен учкан сыяктуу, жаштарыбызды жакшы тарбиялоо үчүн ата-энелер үйдө, мугалимдер болсо мектепте өз милдеттерин так аткаруусу талап кылынат. Мугалимдик кесип ар дайым сыймыктанып жүрө турган кызмат. Жоопкерчилиги оор болуусуна карабастан, талыкпай эмгектенип келе жаткан мугалимдерге терең ыраазычылык билдиребиз. Буйруса, отургузулган жаш көчөттүн мөмөлүү дарак болуусуна себепчи болгон багбан сыяктуу, бул мектептен чыгаан инсандардын чыгуусуна себепкер болосуздар деген үмүттөбүз», – деди Алимбек ажы Маматаминов.