Кара-Сууда «Биз кыздарга, аялдарга карата зордук-зомбулукка каршыбыз» аттуу иш-чара өткөрүлдү

Кечээ, 1-март күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында «Биз кыздарга, аялдарга карата зордук-зомбулукка каршыбыз» аттуу иш-чара өткөрүлүп, анда райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров сөзгө чыгып, мамлекеттин тынчтыгы, эл-журттун амандыгын тилеп дуба кылды.

«Илимпоздордон бири: «Мен бир күндө жүз жолу дуба кылсам, анын токсон тогузун мамлекеттин тынчтыгы үчүн, бирөөсүн гана өзүм үчүн тилейм» деген экен. Келиңиздер, биз дагы ыйык жума күнү мамлекетибиздин тынчтык-амандыгын тилеп дуба кылалы», – деди Абдирашит ажы Батыров.

Айта кетсек, аталган иш-чарага Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Темирболот Абыкеев, райондун прокурору, мамлекеттик мекеме-уюмдардын жетекчилиги, райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы жана райондогу дин кызматкерлери катышты.