Ош шаарында “Пайгамбарыбызды (с.а.в.) жакындан тааныйлы” аттуу конкурстун 1-бөлүгү өткөрүлдү

Бүгүн, 2-март күнү Ош шаардык мусулмандарынын казыяты жана “Примов” кайрымдуулук фонду менен биргеликте уюшурган “Пайгамбарыбызды (с.а.в.) жакындан тааныйлы” аттуу конкурс Ош шаарындагы диний окуу жайлар арасында өткөрүлдү.

Конкурска Ош шаарындагы аялдардын диний окуу жайларынан 500дөн ашык кыз-келин катышса, ал эми уландардан 200гө жакын студент катышты.

Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов бул иш-чараны уюштуруп, жакындан көмөк көрсөткөн “Примов” кайрымдуулук фондуна жана ДОЖ мүдүрлөрүнө ыраазычылык билдирип, катышуучуларга ийгилик каалап, Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) өмүр таржымалын, басып өткөн жолун ар бир мусулман билиши керектигин айтты.

«Бул иш-чаранын максаты Ош шаарындагы жалпы үй-бүлөлөрдө пайгамбарыбыздын (с.а.в.) өмүрү жана бизге калтырып кеткен туура жолунда жүрүүнү, адамдын кулк-мүнөзүнүн кандай болушун көрсөтүп кеткен. Ар бир үй-бүлөдө ушул сыпаттар өздөштүрүлсүн жана Пайгамбарыбызды (с.а.в.) жакындан таанылсын деп ушул иш-чараны баштадык», – деп билдирди калаа мусулмандарынын казысы.

Белгилей кетсек, конкурс эки бөлүктөн уюштурулуп, бир бөлүгү ДОЖдорго, ал эми экинчи бөлүгү шаар тургундары (эркектер) арасында өткөрүлөрү пландалган болчу. Шаар тургундары үчүн 3-март күнү «Аль Бухари – Алай» мечитинде өткөрүлүп, ошону менен жыйынтыкталат.