Сайдахмад ажы Аппазов Баткен районунун баш имам-хатиби болуп дайындалды

Тиешелүү буйрукка облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров кол койду. Сайдахмад ажы Аппазов буга чейин облустук казыяттын түзүмдөрүндө иштеп келген.

Сайдахмад ажы Аппазов 1985-жылдын 17-октябрында Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Самаркандек айылында туулган. 2007-жылы Иордания өлкөсүндө диний билим алса, 2007-2017-жылдары Египеттеги Аль-Азхар университетинде окуган. Ошол эле учурда Баткен мамлекеттик университетин сырттан окуп, экономист адистигине ээ болгон. 2021-2023-жылдары Ишеналы Арабаев атындагы КМУда дин таануу багытында магистратурасын ийгиликтүү аяктаган.

Эмгек жолун Баткен райондук хатибиятынын катчысы, «Муаз ибн Жабал» медресесинде мугалим болуп эмгектенүүдөн баштаган.

Кийин Баткен шаарындагы “Абу Бакр Сыддык” мечитинин имам-хатиби кызматына дайындалган. 2021-жылдан тартып Баткен облустук мусулмандарынын казыятында мечиттер жана үгүт-насаат адиси кызматын аркалап келген.

Үй-бүлөлүү, эки уул, эки кыздын атасы.