Алимбек ажы Маматаминов Кашка-Суу айылынын тургундары менен жолугушту

Кечээ, 1-март күнү Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов Кашка-Суу айылынын тургундары менен жолугушуп, элди ынтымак жана биримдикке чакырып, ысырапкорчулуктан алыс болууну эскертти.

«Ынтымак бар жерде ырыс бар» демекчи, өз ара ынтымак болуп, ырыскыбыз кенен болсун. Аллах Таала берген жакшылыктарын жана адал ырыскыны пайдасыз иштерге жумшап, ысырап кылбайлы. Айрыкча маркумду акыркы сапарга узатууда ысырапкорчулукту болтурбоо керек. Ниетиңиз ихсан берүү аркылуу сооп табуу болсо, анда жолоочуларга, илим алып жүргөн жаштарыбызга, колунда жок муктаждыктарга жардам кылыңыз», – деди баш имам-хатиб Алимбек ажы Маматаминов.