Ошто Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) өмүр баяны боюнча өткөн конкурстун 2-бөлүгү аяктады

Кечээ, 3-март күнү «Аль-Бухари Алай» мечитинде Ош шаарынын тургундарына (эркектер арасында) пайгамбарыбыздын (с.а.в.) өмүр таржымалын таанытуу боюнча уюштурулуп жаткан конкурстун 2-бөлүгү өткөрүлдү. Казыяттан билдиришкендей, жыйынтык үстүбүздөгү жылдын 7-мартында чыгарылат.

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов шаар тургундарына конкурстун биринчи бөлүгү эркектер арасында өткөрүлгөнүн, экинчи бөлүгүндө аялдарга уюштуруу пландалып жатканын айтты. Ошондой эле калаа мусулмандарынын казысы иш-чаранын максаты шаар тургундарына пайгамбарыбызды (с.а.в.) жана анын жашоодо көрсөтүп кеткен жолун жеткирүү экенин билдирди.

Буга чейин айтылгандай, конкурска «Примов» кайрымдуулук фонду демөөрчүлүк кылган.

Айта кетсек, конкурс тест түрүндө өткөрүлүп, Ош шаарынан жалпы миңге жакын катышуучулар катталышкан. Сынакта жаш куракка чектөө коюлган эмес. Катышкандардын ичинен эң жаш катышуучу 10 жашта болсо, эң улуусу 80 жашта.