Жети-Өгүздө дагы эки имамга умра жолдомосу берилди

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылынын имамы Жолдошбек Өмүркановго жана Жеңиш айылынын имамы Эсенкул Кутунаевге умра сапарына жолдомо тапшырылды. 

Тилекмат айылынын имамына көп жылдан бери айыл үчүн кылган эмгегине ыраазычылык катары айыл тургундары акча чогултушуп, жубайы экөөнө умра жолдомосун белек кылышты.

«Эмгегибизди баалап, ыйык жерге жолдомо алып беришкен айылдаштарыма ыраазычылык билдирем. Жараткан Алла Таала айылыбызга көптөгөн жакшылыктарын берсин. Ортобузда дайыма ынтымак, биримдик, аманчылык ыроолосун», — деп ыраазычылылыгын билдирди имам.

Ал эми Жеңиш айылынын имамы Эсенкул Кутунаевге умра жолдомосун маркум Камчыбек Үкүевдин балдары атасынын атынан белек кылышты. Имам белекке ыраазы болуп, батасын берди:

«Камчыбек байке айылыбызга көптөгөн жакшылыктарды кылып жүргөн эле, эми силер мынтип бизге эң жакшы белекти ыйгарып отурасыңар. Алла Таала ыраазы болсун, ырыскыларыңарга береке берсин».

Жолдомолорду Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Таланбек Акылбек уулу тапшырып, имамдардын аман-эсен барып келүүлөрүн тилеп, ак жол каалады.