Баткенде аялдар арасында «Жашоомдун жарыгы Куран» аттуу жарыш болуп өттү

Баткен шаарында Баткен облустук мусулмандарынын казыяты жана «Адеп Башаты» коомдук фонду менен биргеликте сүйүктүү пайгамбарыбыздын «Силердин эң жакшыңар Куран үйрөнгөн жана аны башкаларга үйрөткөндөр» деген хадиске ылайык, аялдар арасында ыйык Куран китебин жаттоого кызыктыруу максатында аялдар арасында «Жашоомдун жарыгы Куран» аттуу жарыш болуп өттү.

Программада коноктордун жан дүйнөсүнө азык боло турган баяндар, сахналык көрүнүш, Пайгамбарыбызга (с.а.в) арналган нашид ырлар коюлду.

Жарышка жалпы 19 катышуучу катышып, эң жашы 12 жаш куракта болсо, эң улуусу 69 жаштагы эне болу. Куран конкурска кошумча «Асыл адам сапаттары» деген китептен сынак тапшыруу менен өзгөчөлөндү.

Куран жарыштын жыйынтыгы боюнча байгелүү сыйлык менен сыйланган жеңүүчүлөр:

1-орун — Асия Акжолова, 14 жаш (Кара-Бак айылы)

2-орун — Гүлистан Тажибаева, 34 жаш (Четкызыл айылы)

3-орун — Сумая Оболбекова, 14 жаш (Баткен шаары)