“Муьаз ибн Жабал” медресесинде “Асылзат сапарлаштар” аттуу бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүлдү

Бүгүн, 4-мартта Баткен шаарындагы “Муьаз ибн Жабал” медресесинде окуу жайды аяктаган бүтүрүүчүлөр менен “Асылзат сапарлаштар” атуу теманын алкагында жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга медресе мүдүрү Султанмурат ажы Исираев катышып, учурда ар кайсы жерлерде диний багытта эмгектенип жаткан бүтүрүүчүлөргө өзүнүн кеп-кеңештерин айтты. Ошондой эле аларды медреседе алган билимдерин пайдаланып, ханафи мазхабынын, матуридия акыйдасынын негизинде сабак берүү чакырды. Жолугушууда бүтүрүүчөлөр учурда өздөрүнүн ишмердиктери тууралуу студенттер менен маек курду.

Жолугушуу медресе студенттеринин  көркөм окуу, сахналык  көрүнүштөрдү аткаруу программалары менен коштолду.

Белгилей кетсек, медресеси аяктаган бүтүрүүчүлөр Баткен облусундагы медреселерде, окуу борборлордо, айылдарда сабак берип, аялдардын диний сабаттуулугун жогорулатууга салымын кошуп келе жатат. Бүтүрүүчүлөр медресе менен дайыма тыгыз байланышта.