Кубатбек Абдыгапар уулу Лейлек районунун баш имам-хатиби болуп дайындалды

Тиешелүү буйрукка облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров кол койду. 

Кубатбек Абдыгапар уулу 1992-жылдын 19-апрелинде Баткен облусунун Лейлек районундагы Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн Миң-Жыгач айылында төрөлгөн.

Ал 1999-жылы ушул эле айылдагы Жаш-Тилек орто мектебине кабыл алынган. 2010-жылы аталган мектепти аяктап, Бишкек шаарындагы «Ал-Фуркон» медресесине тапшырып, анда 2015-жылга чейин окуган. 2018-2020-жылдары Раззаков шаарындагы «Абдулло инб Аббас» ислам институтуна тапшырып, окуусун аяктаган. 2016-2019-жылдары БатМУда экономика, бухгалтер жаатында билим алып, жогорку билимге ээ болгон.

Кубатбек Абдыгапар уулу эмгек жолун 2016-жылы Лейлек районунун баш имам-хатибинин орун басары болуудан баштайт. 2017-2019-жылдарда Лейлек району жана Сүлүктү шаарына Ажылык боюнча жооптуу адис. 2019-жылы Ак-Чыйыр жатак мектебинде араб тили сабагынан мугалим. 2019-жылдан тарта «Абдулло инб Аббас» ислам институтунда мугалим. 

2020-жылдан баштап азыркы күнгө чейин «Абдулло инб Аббас» ислам институтунун ректору кызматын аркалап келет.  

Ошондой эле 2022-жылы Раззаков шаарындагы Каттабек М2 мечитинин имам-хатиби кызматына дайындалган. 

Үй бүлөлүү; эки  уул, бир кыздын атасы.