Лейлекте мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Баткен облусундагы Лейлек районунун Раззаков шаарындагы №3 жатак гимназиясынын жана Ю.Гагарин орто мектебинин окуучуларына адистер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чарага Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери, Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнөн, Лейлек РИИБдин өкүлдөрү, Лейлек районунун баш имам-хатиби Абдыгапар Кубатбек уулу катышты.

Абдыгапар Кубатбек уулу семинарда адеп-ахлактын зарылдыгы, коомдогу ар кандай чыр-чатактын алдын алуу, үй-бүлө баалуулуктары тууралуу өз оюн ортого салып, эрте никеге туруу жана нике каттоо журналы тууралуу айтып, буларга токтолду.

«Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, эрте никеге туруу жана кыз ала качуунун алдын алуу боюнча Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан алгылыктуу иштер жүргүзүлүп келет. Ошонун бир мисалы катары “Нике каттоо” журналы иштелип чыгып, ар бир имамга тапшырылган. Бул нике маселесинде абдан маанилүү”.