Дастан ажы Мамаев: «Сооп жыйноо сезонунда көп ибадаттарды жасап калууга аракет кылыңыздар»

Бүгүн, 4-март күнү Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев Чалма айыл аймагындагы Буйга айылынын тургундары менен жолугушуп, Рамазан айынын пазилеттери боюнча баяндама жасады.

«Буйруса Рамазан айына да аз калды. Өзүңүздөрдү ар тараптан Рамазан айы үчүн даярдап, сооп жыйноо сезонунда көп ибадаттарды жасап калууга аракет кылыңыздар. Ошондой эле, 30 күндүк таравих намазына бекем болуп, мүмкүн болушунча кайрымдуулук иштерди аткарууга аракеттениңиздер. Рамазан айында орозо кармоо — бул эртеден кечке ачка жүрүү менен эле болуп калбайт. Эң негизгиси — бул напсини тарбиялоо болуп саналат»- деди Дастан ажы Мамаев.

Ошондой эле, мечиттин имам-хатиби Тейитбек Култаевге имамдык кызматын аткарууда элдин ынтымагын бекемдөөгө, жаштардын тарбиясына көңүл бурууга басым жасоого тапшырма берди.