Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби умра сапарына жөнөп жаткан зыяратчыларга сабак өттү

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Нийматилла ажы Топчиев умра сапарына аттанып жаткан зыяратчылар менен жолугушуп, аларга умра аткаруунун эрежелери туурасында сабак өттү. Ошондой эле салттуу ханафи мазхабынын алкагында ибадат кылууга, ар кандай туура эмес агымдардын идеологиясына азгырылып калбоого чакырды.

 “Ар бир улуттун каада-салты болот. Андыктан өзгө жерде кыргыздын маданияттуулугун, адеп-ахлактуулугун сактап, биздин мазхаб жана акыйда ишенимибизге туура келбеген көрүнүштөрдү алып келбеш керек”,- деди Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Нийматилла ажы Топчиев.