Абдужалил Бекаев Сүлүктү шаарынын баш имам-хатиби болуп дайындалды

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы  Нуридин ажы Мамасабировдун буйругу менен Абдужалил Бекаев Сүлүктү шаарынын баш имам-хатиби болуп дайындалды. Ал буга чейин Лейлек районун баш имам-хатибинин орун басары болуп иштеп келген.

Абдыжалил Бекаев 1983-жылдын 29-мартта Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Сүлүктү шаарында туулган.

2013-жылы Лейлек районуна караштуу Раззаков шаарындагы «Абдулло ибн Аббас» ислам инстутун аяктаган. Ошол эле жылдан баштап 2022-жылга чейин Сокулук районунда Новопавлока айыл аймагындагы Ата-журт конушунда жайгашкан «Нур» мечитинде имам-хатиб болуп эмгектенген.

2022-жылдын аягынан баштап Лейлек районунун баш имам-хатибинин орун басары болуп иштеп келген.

Үй-бүлүк абалы; эки уул, эки кыздын атасы.