Ысык-Көл облусунун казысы облустук билим берүү институтунан ыраазычылык баракча алды

Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министрлигинин Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун Ыраазычылык баракчасы менен сыйланды.

Ыраазычылык Ысык-Көл облусунун мектеп жетекчилеринин кесипкөйлүгүн жогорулатууда, жаш муундардын руханий адеп-ахлагын көтөрүүдө, аларга натыйжалуу баарлашуу жүргүзгөнү, мектеп окуучулары менен тыгыз байланышта болуп, аларга туура багыт берүүдө көрсөткөн көмөгү үчүн берилди.