11-март күнү орозо кармалат

2024-жылдагы ыйык Рамазан айы 11-мартта башталат. 10-мартта өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат.

Түшүндүрмө

بسم الله الرحمن الرحيم

الحمد الله رب العالمين والصلاة والسلام على سيدنا محمد وعلى آله وصحبه أجمعين.

                        Алла Таала беш убакыт намазды, орозону жана ажылык өңдүү ибадаттарды белгилүү убакыттарда аткарууну фарз кылган. Орозону болсо Рамазан айында кармоону буюрган. Ушуга байланыштуу Рамазан айынын жана Орозо айтты камтыган шаввал айынын башталышын аныктоо зор мааниге ээ.

            Ай менен күндүн кыймылдары атайын эсеп менен айланары Курани Каримде айтылган (Аньам 6/96). Азыркы учурда өнүккөн технологиялык мүмкүнчүлүктөрдүн жардамы менен Күн менен Айдын кыймылдары жана турак жерлери боюнча ондогон жылдардын эсеби алдын ала чыгарылып келе жатат. Ал эми ай эсеби болсо Айдын кыймылына карата аныкталат.

Ай эки түрдө көрүнөт:

1. Аба шарттары ылайыктуу болуп, Ай көз менен көрүлсө, камарий айдын башталышы аныкталган болот.

2. Астрономиялык эсепке ылайык аныктоо. Тактап айтканда, Ай менен Күндүн кезигер (ижтима) убагы жана көз менен көрүлөр убагы алдын ала так эсептелген соң камарий айдын башталышы белгилүү болот.

Ай эсеби менен болгон жыл санагында айдын башталуусунда ханафий мазхабынын «Захиру риваяда» айтылгандай, «ихтилафу матаалиъ гойру муътабар» (ай көрүнүүчү аймактардын түрдүүчөлүгү этибарга алынбайт), тагыраагы жер шарынын кайсы жеринде Ай көрүнсө, бүт аалам үчүн жаңы ай башталган болуп саналат. Ушуга байланыштуу шарияттык далилдер жана жогоруда көрсөтүлгөн принциптерге ылайык:

А. Хижрий 1445 – Миладий 2024-жылы Рамазан айынын башталуусу:

10-март 2024-жылы гринвич сааты менен 09:01:45 те (Бишкек убактысы менен 15:01:45) ижтима болуп (ай жаңырып), андан кийин гринвич сааты менен 22:15 те, тагыраагы 13 саат 14 минуттан кийин «ру׳ят» болот да Рамазандын айы түндүк жана түштүк Америка континенттеринде көрүлө баштагандыгына байланыштуу:

— 2024-жыл 11-март дүйшөмбү күнү Рамазан айынын биринчи күнү деп эсептелди.

— 10-март 2024-жылы жекшемби күнү таравих намазы окула баштайт.

Б. Хижрий 1445 – Миладий 2024-жылы Орозо айт, Шаввал айынын биринчи күнү:

— 2024-жыл 8-апрель дүйшөмбү күнү гринвич убагы боюнча саат 18:23:21 (Бишкек убактысы менен 9-апрель, саат 00:23:21) өткөндө ижтима болуп (ай жаңырып), 2024-жыл 9-апрель шаршемби күнү гринвич убагы боюнча саат 07:58 өткөндө «ру׳ят» болот жана шаввалдын айы Чоң (Тынч) океандын батыш жагынан көрүлө баштайт. Аныкталган бул эсеп боюнча:

— 2024-жылдын 10-апрели шейшемби күнү Орозо айттын биринчи күнү деп эсептелинди.

Рамазан айын бардык жакшылыктарга себепчи кылуусун жана момун мусулмандарды ыйык орозо айт майрамына сак-саламатта жеткирүүсүн Жараткан Алладан тилеп калабыз.