Тоңдо мечиттер арасында «ынтымак кубогу» достук мелдеши өткөрүлдү

Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында райондук баш имам-хатиб Таалайбек ажы Акуновдун жана Тоң районунун спорт комитетинин уюштуруусу менен «Ынтымак кубогу» аталышындагы футбол оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Мелдеш райондогу мечиттер арасында өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө демөөрчүлөр тарабынан сыйлыктар тапшырылды. Аталган иш-чара жамааттар, мечиттер арасында ынтымакты бекемдөө, жакындан таанышуу жана сергек жашоого үндөө максатында өткөрүлдү.

Оюндан алдын баш имам-хатиб катышуучуларга ынтымак, биримдик туурасында баяндама жасады.

«Динибизде ынтымак, достук жана бир туугандык мусулмандар арасында өзгөчө баалуулуктар болуп саналат. Куранда Аллах Таала: «Момундар бири-бирине бир тууган болот, андыктан бири-биринердин ортоңорду (мамиленерди,бир туугандыкты) оңдогула», — деп айткан. Пайгамбарыбыз (с.а.в) мындай дейт: «Күчтүү мусулман алсыз мусулманга караганда, Алланын алдында жагымдуураак болот». Ушул оюн дагы бири-бирибизди таанып-билип, ынтымакта болуу, сергек жашоого үндөө максатында болуп жатат», — деди Таалайбек ажы Акунов. 

Оюндун жыйынтыгында 1-орунду Төрт-Күл айылы, 2-орунду Бөкөнбаев айылы алса, 3-орунду Кажы-Сай айылы ээледи. Демөөрчүлөр тарабынан кубок, медаль, грамоталар жана жайнамаз, топу сыяктуу белектер тапшырылды.

Баш имам-хатиб спорт оюндары мечиттер арасында дайыма өткөрүлүп туруу пландалып жатканын, кийинкиде спорттун волейбол түрү да кошуларын кошумчалады.