Облус казыларына жыйын өткөрүлүп, орозого даярдык көрүү тапшырмасы берилди

Бүгүн, 5-март күнү Кыргызстан мусулмандарынын жыйындар залында облус казыларына багытталган жыйын болуп өттү. Жыйында аймактардагы диний абал, муфтияттын жаңы иш мерчеми, дин кызматкерлеринин жоопкерчилиги тууралуу маселелер каралды. Ошондой эле алдыда келе жаткан ыйык Рамазан айына даярдыктарды көрүү, мечиттерди таравих намаздарына даярдоо, Куран хатмдарын уюштуруу жана зекет, садага, үшүр, фитир-садака боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.

«Баарыбызга сезилгендей, убакыт абдан тез өтүп жатат. Мына, көз ачып-жумганча орозо кирип келди. Бизге берилген убакыт аманат. Бизге жүктөлгөн жумуш да аманат. Андыктан колдо мүмкүнчүлүк барында динибизге, элибизге, өлкөбүзгө кызмат кылып калалы. Артыбызда жакшы из, жакшы сөз калсын», — деди Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров.

Жыйында диний объектилердин курулушун жана каттоо иштерин тартипштештирүү боюнча да талкуу болуп, бул жаатта казылардын аткарган иштери боюнча отчёттук-маалыматтары угулду.