Кара-Сууда «Имам Азам» мечитинин имараты жаңыланды

Бүгүн, 5-март күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл аймагындагы Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан «Имам Азам» мечитинин имараты эскилиги жеткенине байланыштуу, жаңы заманбап шарттары менен 500 адамга ылайыкташып жаңыланды.

Ачылыш аземине Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков баштаган казыят кызматкерлери Алибек ажы Жусупов, Сулайман ажы Шерматов, Алибек Акпарали уулу, Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров, аталган айыл өкмөттүн башчысы жана айыл тургундары катышты.

Аталган мечитти жаңылоо иштери жергиликтүү тургундар тарабынан каржыланган.

Мечитке келген жамаатка Абдималик ажы Турсунбеков ислам дининин баалуулуктары тууралуу баяндама жасап, элди ыклас менен ибадат кылууга чакырды.

«Ибадаттарды жана жакшылык иштерди чын ыклас менен жасоого аракет кылалы. Эл көрсүн же ошол сыяктуу башка максаттарда жасоо менен сообунан кур калып кетүү мүмкүн. Ал эми жакшылык кылуунун өлчөмү да ыкласка байланат. Айта турган болсок, аз болсо да ыклас менен берилген жардам, эл көрсүн үчүн берилген тоодой чоң жардамга караганда алда канча жакшыраак», — деди Абдималик ажы Турсунбеков.

Кийинки сөзгө чыккан райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров: «Мечиттин имараты абдан кооз болуп бүттү. Аны дагы да кооз көрсөтүп туруучу нерсе — бул мечиттин ичи ынтымак жамаат менен толуп турганында», — деп баса белгилеп өттү.

Ошондой эле, курулуш иштеринде ар тараптуу жардам берген инсандарга казыят, хатибият жана айыл өкмөт тарабынан ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Жыйындан соң, жалпы элге сый тамак уюштурулуп, дуба кылынды.