Аялзатына кандай мамиле кылуу керек?

(иллюстрациялык сүрөт)

Ислам эркектерди өз энесине, эже-карындаштарына, кыздарына жана аялына кам көрүүнү милдеттендирет. Мухаммед пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) айтты: «Кимде-кимдин мүнөзү жакшы болсо, ошонун ишеними эң мыкты. Ким аялына жакшы мамиле кылса, ал мыктылардын катарында«.

Биз аялдарга мээримдүү мамиле кылууну осуят кылабыз, анткени алар эне, эже, өмүрлүк жар жана кыз. Бардыгыбыз энеден жаралганыбызды эсибизден чыгарбайлы. Биз бардык эркектерди, аялдар жыл мезгилине карабастан, жүзүнөн бактылуулуктун учкундары жаркырап, сулуу, мээримдүү жана кубанычта болушу үчүн бар аракетин жумшоого чакырабыз. Эң башкысы, аялдарды барктап, аны менен бирге, сүйүктүү күйөө, бала жана жакын тууган болуубуз зарыл.

Исламда аял өтө маанилүү ролду ойнойт. Ал эне, эже, өмүрлүк жар жана кыз. Аларга эркектер тарабынан жасала турган мамиле Жараткан тарабынан белгиленген. Аллах аялдардын макамын жогору көтөрүп, адамзаттын тукумун улоо вазыйпасын аларга тартуулаган. 

Аял-эне. Тастыкталган хадисте айтылгандай: «Бейиш энелердин таманынын астында». Демек, энеге болгон мамиле, биздин түбөлүк жашообуздун ырыс-кешиктүү болушун аныктайт. «Бир адам пайгамбардан (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) сурады: “Эй, Аллахтын элчиси, адамдардын арасынан ким жогорку даражадагы сыйга жана жакшы мамилеге татыктуу?”

— “Эне” — деп жооп берди пайгамбар.

“Андан кийин ким?” Жараткандын элчиси дагы бир жолу

“Эне” — деди.

— “Дагы ким?”

— “Эне” деп үчүнчү жолу кайталады.

“Андан кийинчи?”

— “Ата”». Ата-энеге болгон жакшы мамиле, жакшы амалдардын катарына кирет. Аллах жана анын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!), баарыбызды ушуга үндөп, аны менен бирге, аялдардын исламда ээлеген жогорку ордун жана алардын жашоодогу маанисин көрсөтөт.

Исламда кыздарына ырайым кылгандар үчүн бейиш убада кылынган

 Аял кыз. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) айтты: «Кимде-ким, кыздуу болуп, аны Жараткан Аллахтан ага жиберилген белектерди берешендик менен берип, тарбиялап, ага камкордук көрсө, анда ал кыз байгерчиликке жеткирип, тозоктон сактап, бейишке жол ачат». Башка хадисте мындай деп айтылат: «Кимде-кимдин эки эжеси же эки кызы болуп, алардын жашоосуна татыктуу шарт түзсө, мен алар менен бейиште бирге болом». Аллахтын элчиси дагы мындай деди: «Кимде-кимдин үч кызы болуп, аларды кийиндирип, ичиндирип, кам көрсө, ал сөзсүз бейишке татыктуу». Ислам өздөрүнүн кыздарына ырайым кылгандарды мактап, ал үчүн бейиш убада кылынган.

Ислам аялдарды мурда болуп көрбөгөн бийиктиктерге чейин көтөрүп, Кудайдын ырайымдарын жана сыйлыктарын алууда, эркек менен аялдын диний теңчилигин тастыктады. Башка диндерге салыштырмалуу, исламда аялдардын ээлеген орду өтө жогору. Аларга Ыйык Курандын эң чоң башкы бөлүмдөрү арналган («Ниса» — «Аялдар»).

 «Эй, адамдар, силерди бир жандан жаратып, анан андан жуп кылып, ал экөөсүнөн көптөгөн эркек жана аялдарды жараткан Эгеңерден корккула!…» («Ниса» сүрөсү, 1-аят).

Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!), «аял – бул эркектин жарымы, демек, аялсыз эркектин болушу мүмкүн эмес« – деп айткан. Жердеги жашоонун уланышы жана анын өнүгүшү үчүн, Жараткан Аллахтын кепилдиги мына ушунда.

 Аял өмүрлүк жар. Өмүрлүк жар – бул Жараткан Аллахтын аманаты, Аллахтын белеги, ал үчүн Ага ыраазычылык билдирип, жубайыңа сый жана урматтоо менен мамиле кылуу керек. Аллах, эркектерге өз аялдары менен татыктуу жашоону буюруп, анын кетирген каталарына ырайымдуулук кылып, кечире билүүгө үндөгөн.

Күйөөсү аялынын жакшы жактарын, сапаттарын көрүүгө басым кылышы зарыл. Күйөөлөрү аялына кам көрүү менен бирге, ар дайым жакшы иштерди жасоого милдеттүү. Аялынын бардык муктаждыктарын күйөөсү камсыз кылат. Тактап айтканда, кийим-кече, материалдык чыгымдар жана башка керектөөлөр. Эркек өзүнүн жана аялынын абалына, жашап жаткан өлкөсүнүн жана доорунун өзгөчөлүгүнө жараша аялын камсыздоого милдеттүү.

Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) өз аялдарына эч качан кол көтөрүп, аларды чапкан эмес. Аларды эч качан сөз же башка нерсе менен кемсинтпей, коомдук иштерден бош убактысында, аларга өз колу менен тамак бергенди, үй тиричилигине жардам берип, сүт саап, кийим тигип, бут кийимдерди оңдогонду жакшы көргөн. Эгерде аялдарынын бири, төөгө мине албай жатса, тизелей калып, аларды мингизген, аларга акыйкат мамиле кылып, сүйүү сезимин билдирип турган.

Даярдаган: Нурдин Мамасабиров, Баткен облусунун казысы