Улуттук гвардия жоокерлерине Мекенди сүйүү тууралуу баяндама жасалды

Бүгүн, 5-мартта КР Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамы жана аскер кызматчылардын диний маалыматтуулугун арттыруу жана аскердик тартипти чыңдоо максатында  семинар өткөрүлдү. Семинарды КР Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын офицер-теологу, лейтенант Исламбек Кылычбек уулу жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Даават, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн адиси Мырзакул кары Осмонов өттү.

Осмонов өз баяндамасында Мекенди сүйүүнүн, элди коргоонун диндеги орду жана пазилеттери боюнча токтолуп, аскерлик өтө жооптуу жана сооптуу иш экенин белгиледи.