Абдирашит ажы Батыров: «Спортко көңүл буруу — жаштарыбыздын ден соолугуна кам көрүү болуп саналат»

Кечээ, 5-март күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыровдун катышуусунда жаштар тарабынан «Манас» стадионунда оңдоп-түзөө иши башталып, капсула салынды.

«Спортко көңүл буруу жаштарыбыздын ден соолугуна кам көрүү болуп саналат. Ошондой эле, спорт адамды аракечтиктен, бекерчиликтен алыс кылат. Келиңиздер, ушул стадиондун бүтүшүнө баарыбыз колдон келишинче салым кошолу. Пайдабыз тийбесе да, жок дегенде тоскоолдук кылбайлы. Анткени Курандын Маида сүрөсүнүн 2-аятында: «…жакшылыкта, такыбалыкта бири-бириңерге көмөктөшкүлө. Ал эми жамандыкта жана душмандыкта көмөктөшпөгүлө! Аллахтан корккула» деп келет», — деди Абдирашит ажы Батыров.

Жаштардын демилгеси менен Кара-Сууда спортту өнүктүрөбүз деген ураан менен «Манас» стадиону жаштар тарабынан оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштери башталып, райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров өз баяндамасын жасагандан соң, жаштардын демилгесине ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалап, ак батасын берди.

«Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт» демекчи, ак бата менен башталган иш ийгиликтүү болот. Стадиондун пайдубалы бекем болсун, буйруса ушул жерден бүткүл дүйнөгө өлкөбүздү тааныткан балбандар чыксын», — деп дуба кылды.