Кара-Сууда Рамазан айына карата кайрымдуулук иштери башталды

(иллюстрациялык сүрөт)

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров райондогу дин кызматкерлери Рамазан айына карата кайрымдуулук иштерин баштаганын билдирди.

Алгач «Аль-Ийман» мечитинин имамы Хамидулло Турсунов үстүбүздөгү жылдын 3-март күнү Савай айыл аймагындагы көмүр исине ууланып кайтыш болгон 4 адамдын жакындарынан кабар алып, көңүл айтып, азык-түлүк тапшыруу менен башталды.

Ошондой эле, «Шейх Алаудин Мансур» мечитинин жамааты үйү жок, кинотеатрдын бир бөлмөсүндө убактылуу жашап жаткан үй-бүлөдөн кабар алып, акчалай жардам көрсөтүштү.

Алдыда да бир нече имам колунда жок, муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөтүүсү боюнча тапшырма берилгендигин хатибияттан билдиришти.