Кезектеги талапкерлердин ажылык төлөмдөрүн кабыл алуу мөөнөтү узартылды

Ажылыктын электрондук базасына катталып, кезек боюнча ажыга барууга мүмкүнчүлүк алып, 2024-жылдын 4-мартына чейин берилген мөөнөт ичинде белгиленген 1750 АКШ доллар сумманы ар кандай себептерден төлөй албай калган жарандардын суранычы менен төлөмдү кабыл алуу 6-марттан 13-мартка (13-мартты кошуп эсептегенде РСК Банктын иш убактысы бүткөнгө) чейин узартылды.

2024-жылы 4-мартка чейин берилген мөөнөт ичинде ар кандай себептерден улам төлөмдөрүн төлөй албай баш тарткан талапкерлер 2024-жылдагы Ажылык тизмеден (электрондук базадан) чыгып кеткендигине байланыштуу, жобонун негизинде квитанциядагы убактысын эске алуу менен кийинки кезекте турган талапкерлерге 6-марттан 13-мартка чейин мүмкүнчүлүк берилди жана белгиленген мөөнөттө 1750 АКШ долларын төлөй алышат.

Эскертүү: 6-марттан 13-мартка чейин 1750 АКШ доллар өлчөмүндөгү төлөмдөрүн төлөөгө мүмкүнчүлүк алган талапкерлер ажылык нарктамасын төкпөсө, 2024-жылдагы Ажылык тизмеден (электрондук базадан) чыгып калат.