Ош шаарында коопсуз миграция жана адам сатуунун алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү

Бүгүн, 6-мартта Ош калаасындагы «Классик» мейманканасында ДИМК ТАБдын өкүлдөрүнүн, Ош облусу жана Ош шаарындагы имамдардын катышуусунда коопсуз миграция жана адам сатуунун алдын алуу боюнча тегерек стол уюштурулуп, адам сатуудагы олуттуу маселелер талкууланды.

Ош шаардык казыятынын мечиттер боюнча куратору Мустафа ажы Абдиев адам сатуу — адам укуктарын бузуу болуп саналарын, бул кылмышты жасагандык бул дүйнөдө дагы, аркы дүйнөдө дагы чоң күнөө экенин айтып, аталган долбоордун алкагында адам сатуунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн билдирди:

«Кулчулук дегенде тарыхтагы окуяларды көз алдыбызга алып келебиз. Бирок учурда деле кулчулук болуп жатат. Мигрант өз жумушун аткарып, акысын ала албай калган учурлар кулчулук сыяктуу болуп саналат. Кулчулук сырткы же ички миграция аркылуу да болушу мүмкүн. Күч колдонуу, коркутуу же өзүнө байлап алуу, наркотикалык көз карандылык аркылуу акысыз иштетип жаткандар жок эмес. Мекендештерди алданып калуудан сак болууга чакырабыз».

«Адам акысына кирип калуудан сактануу керек. Баарыбызга белгилүү болгондой, акыретте Алла Таала адам акысына тиешелүү маселелерди өздөрүнө калтырат. Биз иштеткен адамдын акысын маңдай тери кургаганча берүү маселесине чейинки болгон майда акылардын да жоопкерчилиги кандай оор болорун жергиликтүү жамааттарга эскертип туруңуздар. Бул дүйнөдө күч колдонуу менен үстөмдүк кылып, жумушчунун акысын бербей койгондор үчүн да акыретте эсеби бар», — деди Алибек ажы Жусупов.